"Ар кандай саясатчылар элди бузууга аракет кылып жатканына карабай мени колдоп жатасыздар. Мен буга ыраазымын",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда Казарман айылында эл менен жолугушууда.
“Үч жарым жылдан кийин президенттик мөөнөтүм аяктайт. Буюрса, кызматымды "эл үчүн иштейм" деген адамга өткөрүп берем. Менден кийин келген башчыны эл колдоп кетет деп ишенем”,- деди Атамбаев.
"Ар кандай саясатчылардын бузуку сөздөрүнө ишенбегиле. Буюрса, 5 жылдан кийин Кыргызстандын өнүккөн мамлекет болоруна көзүм жетип турат",- деп кошумчалады өлкө башчы.