Республиканын түштүгүнө газ берүү маселеси 2 айдын ичинде чечилет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.
“Кыргызгаз” “Газпромго” сатылып жатканда мени жамандап, бир топ акцияларды уюштурушту. Ошто да газ өчүп калды эле. Бирок мени жамандагандарга айтып коёюн, газ маселеси 2 айдын аралыгында чечилет”,- деди өлкө башчы.
Ошондой эле “Датка-Кемин” көмөк чордонунун иши жакшы жүрүп жатканын айтты президент. “Кыргызстандагы электр тармагы келечекте түндүк-түштүктү бириктирет. Эгерде ал бүтүп калса, Кыргызстандын түндүгүнө да жарык түз жетип калат”,- деп билдирди ал.