Панама Республикасында 4-майда өткөн президенттик шайлоодо оппозиция лидери Хуан Карлос Варел (сүрөттө) алдыга чыкты. Жергиликтүү шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн 60 пайыздан ашыгыраагын эсептегенин чет элдик басылмалар жарыялады.
Варел үчүн шайлоочулардын 39 пайызы добуш берсе, атаандашы Хосе Доинго Ариас 32 пайыз добуш жыйнаган. Маалыматта айтылгандай, тандоодо көпчүлүк шайлоочулардын добушуна ээ болуш керек. Варел жеңишке толук жетишсе, өлкөнү 2019-жылга чейин башкарат.