Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясын кабыл алды

Бүгүн, 6-майда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясын кабыл алды.  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун экономикалык жана каржы саясаты боюнча меморандумду ишке ашыруу жөнүндө программанын аткарылышын максат кыларын айтты. Бул программа 2011-жылдан бери ишке ашып келет жана макроэкономикалык туруктуулукка, экономикалык өсүштөргө, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга багытталган. Ал эми Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы төлөмдөрү учурда 87,6 миллион долларга жеткен.

Премьер-министр жолугушууда программа шартын жана өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн экономикалык саясаттын аткарылышы менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүн тааныштырды. 

Тараптар КМШ өлкөлөрүндө экономикалык өсүштүн төмөндөшү, Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн абалынын начарлашы КРнын экономикасына болгон тобокелдиктерди да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан