Депутаттар “алынып жаткан насыяларга көзөмөл кылбасак болбойт, карызга батып калабыз” дешүүдө

Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутаттар өлкөнүн тышкы карызы боюнча маселе көтөрүштү. Карганбек Самаков чет элден алынып жаткан насыяларга текшерүү кылбаса болбой турганын айтат.

“Кандай насыя болбосун унчукпай эле ратификациялап жатабыз. Буларды текшерип чыкпайлыбы? Биз бир жылдан кийин кетебиз, элдин моюнуна 5-6 миллиард доллар илинип калбасын”,- деди Самаков.

Депутат өкмөттүн Ипотекалык компания курушуна да сын айтты. 

“Муну парламент көзөмөлдөбөсө болбойт, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясына окшогон мекеме иштеп баштаганы жатат”,- дейт ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан