Депутаттар “Баткенде кырдаал оор, согуш алдында турабыз” дешүүдө

Парламенттин 8-майдагы жыйынында депутаттар Баткендеги окуяны талкуулап жатышат. Депутаттар аталган окуя боюнча өкмөттү жыйынга чакырып, маалыматын угууну талап кылышууда. Депутат Назарали Арипов аймакта абал оор экенин айтат. “Абал чатак, тез арада системдүү чара көрбөсөк болбойт. Согуш алдында турабыз”,- деди депутат.

Депутат Жусупали Исаев: “Чагымчыл аракеттерди жалаң тажик тарап баштайт. Бир да жолу кыргыздар чагымчылдык кылган эмес. Бул нерсени башка нукта иликтешибиз керек. Алардын максаты башка болушу мүмкүн. “Кой, токтотолу. Тууганча жашайлы” дегенибизге коңшулар татыктуу болбой жатышат”,- деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан