Депутаттар көмөк чордон үчүн жерди бекер берүү боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда карашты

Парламентте бүгүн, 8-майда көмөк чордон куруу үчүн жерди бекер берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбооруна көпчүлүк депутаттар каршы чыгышууда. Алар: "Кыргызстанда электр энергиясы - товар. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар башкалардай эле жер тилкелерин сатып алышсын. Анткени алар электр кубатын элге сатып жатышат. Ак үй баш болуп электр энергиясы үчүн акча төлөп жатабыз",- деп билдиришти. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Демилгеге депутат Өмүрбек Текебаев да каршы. Депутат буга чейинки талкууда: "Жер тилкелери өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн бекер берилет" деп турат. Эртең бирөө гараж курам десе, ага эмне үчүн жер бекер берилиши керек? Бирөө автобекет курам десе, эмнеге бекер берилиши керек, жооп бергиле. Өндүрүш үчүн деп бирөө чакан устакана кура турган болсо, эмнеге бекер болот? Мыйзам эскирген, муну толук иштеп чыгыш керек”,- деген.

Суроого жооп алынган эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан