Чек ара кызматынын башчысы: “Баткенде абал тынч, бирок өзгөрүп кетиши мүмкүн”

Баткендеги чек ара аймагында абал тынч, бирок өзгөрүү болуп кетиши мүмкүн. Муну бүгүн, 8-майда парламентте депутаттарга маалымат берген КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев билдирди. Айтымында, Ак-Сай айылынын тургундары жол тосушту.

“Мындан сырткары Кызыл-Бел айылынын тургундары да жолду жаап коюшту. Ак-Сай аркылуу да эч ким өтпөй турат. Чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатабыз. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,- деди башкы чек арачы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан