Украинада депутат Валерий Харчуктун уурдалганы айтылууда

Кечээ, 7-майда Украинанын Луганск облусундагы шаардык кеңештин депутаты Валерий Харчукту белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты.     

Маалыматка таянсак, депутат Луганск облусунун Рубежной шаарынан саат 15:00 чамасында уурдалган.

Украина шайлоо комитетинин басма сөз кызматынан “Валерий кайсы бир кызматкер менен жолугушууга барган. Жолугушуудан кийин унаасы менен май куюучу жайга токтогондо аны бет кап кийген белгисиз адамдар өздөрүнүн ак түстөгү унаасына отургузуп алып кетишкендиги май куюучу жайдагы камерага түшүп калган. Ал эми Харчуктун унаасын башка жакка алып барып жашырып коюшкан” деп билдиришти.

Саат 22:00дө жубайы телефон чалганда Валерий кайсы жерде экенин билбестигин айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан