Алмазбек Атамбаев Армения, Беларусь, Орусия жана Тажикстандын өлкө башчыларынын бейформалдуу саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага барып, бүгүн, 8-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттер (ЖККУ) Армения, Беларусь, Орусия жана Тажикстандын өлкө башчыларынын бейформалдуу саммитине катышты. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 

Алмазбек Атамбаев Армения, Беларусь, Орусия жана Тажикстандын өлкө башчыларын Жеңиш күнү менен куттуктап, Улуу Жеңиштин маанилүүлүгүн белгилеп өттү. “Биз ыйык сактап келген көз карандысыздыкты алганбыз. Ошол эле учурда мамлекеттердин чек арасы достуктун чек арасы болуш керек”,- деди Атамбаев. Ошондой эле саясий лидерлер жарандардын алдындагы жоопкерчиликти алып, элдин бөлүнүшүнө жол бербеши керектигин айтты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан