Прокуратура органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери бүгүн, 8-майда кесиптеш Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокурор Аида Салянованын буйругу менен бир катар ардагерлерге акчалай жардам берилди. Алар:
Сайдалы Жаманкулов, Лина Евсеева, Ираида Калько жана Таплай Абдулин.