Алмазбек Атамбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Жонатан Вейтчти Даңк медалы менен сыйлады
Президент Алмазбек Атамбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Жонатан Вейтчти Даңк медалы менен сыйлады. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы бүгүн, 10-майда кол койду. Аталган сыйлык Ж.Вейтчке Кыргыз Республикасында балдарга билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылганын президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.