Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 13-майда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимиов менен жолугушууда Баткенде 7-майда болгон жаңжалды сөз кылды. "Бардык көйгөйлөр формасына, мүнөзүнө жана татаалдыгына карабай эки элдик салттуу достук мамилелерине таянуу менен чечилиши керек",- дейт вице-премьер-министр.
Эскерте кетсек, Баткен районунда чыккан кыргыз-тажик жарандарынын чатагында Кыргызстандын 14 жараны жаракат алып, 9у ооруканага жаткырылып, автоунаалар, дүкөндөр өрттөлдү. Окуя боюнча кылмыш иши козголгону айтылган.