19-май күнү ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана анын орун басарлары “Министр байланышта” аттуу акцияга катышат.
Иш-чаранын негизги максаты - коомчулук менен милиция кызматынын ортосундагы байланышты тоскоолдуксуз түзүү. "Акция ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен тааныштырууну да максат кылат",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.