Оштогу муз тебүүчү аянт оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан ишке киргизилди

Ош шаарындагы муз тебүүчү аянт 7-январдан баштап оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан ишке киргизилди. Бул тууралуу муз аянттын жетекчиси Аскар Айтматов билдирди. Айта кетсек, аталган аянт 2008-жылы курулган жана андан бери шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган. Учурда муз аянттын бир секциясы хоккей сүйүүчүлөрүн кабыл ала алат. 950 чарчы метрге кеңейтилген муз аянт күнүнө 500 кишини кабыл алууга даремети жетет. “Муз тебүүгө келген жарандарга спорттук кийимдер, жабдуулар жетиштүү. Беш жаштан өйдө каалоочулардын баарын кабыл алууга даярбыз”,- дейт муз аянттын жетекчиси Аскар Айтматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан