Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги №25-мектептин имаратын оңдоо көйгөйүн премьер-министрге жөнөтөт

Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко 13-май күнү Бишкек шаарындагы №25-орто мектепте болду. Мектептин имаратын оңдоо иштери бүткүчө колдонууга тыюу салынгандыктан, окуучулар менен мугалимдер башка мектептерде окуп, иштөөгө аргасыз болууда.

Мектептин директору Ольга Алехина мекеменин имараты 1954-жылы курулуп, ошондон бери оңдолбогонун айтты. 2013-жылы кабаттар ортосундагы шып урап түшүп, мамлекеттик комиссия имаратты оңдоо же бузуп, ордуна жаңы имарат куруу чечимине келген.

Депутат Наталья Никитенко бул мектептин имаратын куруу чыгымдарын республикалык бюджетке киргизүү жөнүндө алдын ала сунуш берүүсү керектигин айтты. Эл өкүлдөрү премьер-министрге мектептин имаратын оңдоо же жаңы имарат салуу маселесин жөнөтө турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан