Маданият министри Камила Талиеванын манасчы Саякбай Каралаевди "композитор" дегени кызуу талкууга алынды    

Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын манасчы Саякбай Каралаев тууралуу айткан сөзү кызуу талкууга алынды. Адегенде анын сөзүн "министр Талиева манасчы Саякбай Каралаевди "композитор" деди" деп сындагандар чыкты. Аталган министрликтин басма сөз кызматы айтылган сындарга жооп берди. Маданият министрлиги бул сөз айтылганын, бирок Камила Талиева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Саякбай Каралаев тууралуу айтканын кайталап жатып "композитор" деген сөздү айтканын билдирди. Тактап айтканда, "Каралаев - композитор" дегенди өз учурунда жазуучу Чыңгыз Айтматов айткан экен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан