Абдырахман Маматалиев: “Баткендеги 7-майда чыккан чатакка күнөөлүүлөр аныкталат”

“7-майда Баткендеги жаңжалды уюштургандар аныкталып, келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулат”,- деп билдирди вице-премьер Абдырахман Маматалиев. Муну вице-премьер бүгүн, 14-майда басма сөз жыйынында айтты.

Анын билдиришинче, Дүйшөмбү шаарына жасаган иш сапарында бул окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча тажик тарапка сунуш берди.

Биз эки күндүк сүйлөшүүлөрдө Баткендеги чатактын изин иликтөөнү аягына чыгаруу боюнча сүйлөштүк.  Андан сырткары келтирилген 7 миллион сомдук зыянды көрсөтүп, бул маселе тууралуу эки тараптуу протоколго кол койдук”,- деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан