14-майда каарданган топ Түркиянын премьер-министри Эрдоган Тайиптин унаасына кол салышты. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Манифестанттар өлкөнүн батышындагы шахтада болгон жардырууга өлкөнүн премьер-министрин күнөөлөп, анын отставкага кетишин талап кылышууда. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсык болордун алдында, тагыраак айтканда, 2 жума мурун бийликтегилердин шахтада текшерүү жүргүзүүдөн баш тарткандыгы, шахта тууралуу суроону премьер-министрдин партиясындагы депутаттар кароодон алып салгандыгы айтылууда.
14-майда Эрдогандын отставкага кетишин талап кылган эл Стамбулда жана Анкарада каршылык акциясына чыккан. Аларга карата көздөн жаш агызуучу каражат колдонушкан.
Белгилей кетсек, 13-майда шахтада болгон жарылуудан жана өрттөн 238 адам каза таап, 80 адам жаракат алган. Учурда 120га жакын адам жер алдынан чыгарыла электиги айтылууда. Кырсык катталган учурда 2 чакырым тереңдикте 787 кенчи жүргөн.