Таш-Көмүр шаарында темир эритүүчү заводдун курулушу июнь айында башталмакчы

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту. Жолугушууда элчи өлкөдөгү тоо-кен тармагы, медицина, текстиль өндүрүшү кореялык инвестицияларды тартуунун приоритеттүү багыты экенин айтты. "Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводдун быйыл июнь айында курулуп баштоосу өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташтыктын башталышы гана. Ушундай жетишкендикке таянып, Кореядан инвестиция тартууга салым кошо берем",- дейт элчи. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Зилалиев элчиге ыраазычылык айтты жана "өкмөт тоо-кен тармагында иштеген кореялык компанияларды колдойт" деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан