Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун 1-турунда талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш топтой албаганын билдирди. Муну бүгүн, 15-майда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Ал эми шайлоонун 2-туру 14-июнга белгиленди. Ага мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурунку каржы министри Ашраф Гани катышмакчы.
1-турда Абдуллага шайлоочулардын 45 пайызы, Ганиге 31,6 пайызы добуш беришкен.