Башкы прокурордун орун басары, аскердик прокурор Марат Эшперов да жылдык кирешеси боюнча декларация тапшырды. Чиновник 2013-жылы 899 миң сом маяна алганын айтат. Кошумча кирешеси жок. 52,6 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө ээлик кылат.
Эшперов автоунаасы, жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берген жок.