Мамлекет башчысы ЭВФнын Кыргызстанда жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, программанын мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүүгө каражаттарды пайдалануу боюнча да, өлкөнүн экономикалык жана түзүмдүк көрсөткүчтөрүн ишке ашыруу боюнча өз мойнуна алган милдеттенмесин аткаруу боюнча да бөлүктөрүнүн ийгиликтүү аяктагандыгын белгилеп өттү.
“ЭВФ программасы Кыргызстан кыйын кезди баштан кечирип жаткан мезгилде кабыл алынган. Бул жардам абдан керектүү жана пайдалуу болду”,- деди Атамбаев.
Президент фонддун башчысы катары өз ишмердигин жыйынтыктап жаткан Кристиан Беддиске жыйынтыктуу иши үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстандын ЭВФ менен кызматташуусун өнүктүрүүдөгү жеке салымын баса белгилеп өттү.
Жолугушууга Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Юрий Соболев дагы катышты.
Маалымдама: Кристиан Беддис ЭВФнын Кыргыз Республикасы боюнча миссиянын башчысынын милдетин 2011-жылдан бери аткарып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.