Кыргызстандагы түндүк-түштүк кошумча унаа жолу калк каттамын жакшыртып, ынтымакты бекемдейт. Муну парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 15-майда Чүй облусунда тургундар менен жолугушууда айтты. Төрага азыркы тапта жолдорду оңдоо иштери мурункуга салыштырмалуу жакшы жүрүп жатканын билдирип, экономиканын өнүгүшү менен жолдордун абалы жакшырарын кошумчалады. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү альтернативдүү жолдун курулушуна токтолгон спикер Нарындан Жалал-Абадга 4 сааттын ичинде жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтат. “Бул жол экономикабызды өнүктүрүүгө салымын кошот”,- деди ал.