"Айрым саясатчылар Баатыр энелерди митингдерде, жол тосууларда пайдаланышууда" деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-майда Баатыр энелерди куттуктоо аземинде. Өлкө башчы Жалал-Абаддагы былтыркы жол тосуу, облустук администрацияны басып алуу аракеттерин мисал келтирди.
"Мен уялдым, анткени "эне" деген сөз баш аламандыктар менен аралашпашы керек. Курманжан датка энебизди билесиңер, уулун өлтүрмөкчү болгондо аскерлер андан анын өмүрүн сактап калууну суранышат. Бирок Курманжан датка буга макул болбой, элдин тынчтыгы үчүн уулун өлүмгө салып берген",- деди Алмазбек Атамбаев.