Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнө 2014-жылдын алгачкы 3 айында 1147 жаран жумуш издеп кайрылган, алардын ичинен 1129 жаран жумушсуз катары каттоого алынган. Муну 17-майда
SUPER.KG порталына аталган бөлүмдөн билдиришти. Маалыматка таянсак, 155 жаран ишке орноштурулса, 636 жаранга суроо-талаптары боюнча кеп-кеңештер берилген.
"Коомдук акы төлөнүүчү иштерге 29 жаран
тартылган. 20 жумушсуз атуул №75-столярдык цехти оңдоого,
1 жаран шаардык паспорт столуна, тигүүчү адистиги боюнча №1-кесиптик лицейге
15 жумушсуз жаран жөнөтүлгөн",- деп билдирет мекемеден.