КРнын футбол боюнча ТОП ЛИГАсында өспүрүмдөр алгачкы упайына ээ болушту
Кечээ 1-ноябрда футбол боюнча КРнын Улуттук чемпиондугунун Жогорку Лигасында (быйылтан баштап ТОП ЛИГА) кезектеги тур оюндары өткөрүлдү. Турдун башкы окуясы сезон башталгандан бери 1 да упай ута албай келаткан КРнын Футбол федерациясынын футболдук борборунун атынан катышып жаткан 1995-жылкы өспүрүмдөрдүн (КРФФ ФБ-1995) упай алгандыгы болду. Өспүрүмдөр канттык "Абдыш-Ата" менен 0:0 эсебинде тең чыгышты. Дагы бир оюнда чемпиондукту мөөнөтүнөн мурда камсыздап койгон "Дордой" өз талаасында "Динамо ИИМ" командасын 5:2 эсебинде жеңип алды. Бомбардирлердин жарышында "дордойчу" Азамат Байматов 16 голу менен көч башында баратат. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.