Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы "Терек-Сай" кен иштетүү филиалын жаңылоого акыркы жылдары 4 миллион доллар жумшалды. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Чаткалга болгон иш сапарында "Кыргызалтын" ишканасынын директорунун орун басары Сагынбек Абдрахманов билдирди. Анын билдиришинче, кендеги негизги көйгөй - "Терек" тилкесиндеги минералдык-чийки зат базасынын чектелүү болуп жатышы. Филиал мындан ары иштеши үчүн "Тереккан" жана "Перевальное" тилкелерин иштетүүгө лицензия алуу зарыл.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев аталган кендин келечеги чоң экенин белгиледи. "Жергиликтүү калктын талабы - комбинаттын иштеши. Бул үчүн "Кыргызалтын" узак мөөнөттүү насыяларды издеп, өндүрүштү жандантышы зарыл",- деди премьер.