Баткен облусунун Арка айылындагы автоунаага май куюучу 23 жай (АЗС ) күнүнө 100 тонна бензин сатып жатат. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди. Айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинде чек ара көйгөйлөрүн эске алуу зарыл. “Баткенде чек ара постторун орнотууга мүмкүн болбогон айылдар бар, аларды кантип көзөмөлдөйбүз? Арка айылындагы май куюучу 23 жай бар, күнүнө 100 тонна күйүүчү май сатат экен. Тажикстандан келип куюп кетишет. Жолдун өйдө жагы бизге караштуу, ылдый жагы Тажикстандын аймагы. Бажы биримдигине кирүүдө ушундай жагдайларды эске алуу зарыл”,- деди Зулпукаров.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.