Бүгүн, 20-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков облус прокурору Кылыч Токтогулов менен биргеликте шаарда текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүдө бош турган имараттардын кароосуз калганы, арыктардын тазаланбай жатышы, көчөлөрдө асфальт төшөлбөй, люктардын ачык жатканы, суу түтүктөрүнүн системинин начардыгы белгилүү болду. Облус башчы шаар мэри Мухтар Арапбаевге эл менен тыгыз мамиледе болуу талабын айтып, эскертүү берди.