20-майда Шанхайда кыргыз журналисттери менен болгон сүйлөшүүдө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев учурдагы бир топ актуалдуу суроолорго жооп берип, мамлекеттик иш сапардын жетишкендиктерине токтолуп өттү.
Ал эми "Супер-Инфонун": "Кытай азыр ири долбоорлор боюнча аз пайыздык насыяларды, кайтарымсыз жардамдарды берип жатат. Бул каражаттарды өз дарегине, натыйжалуу пайдаланыш үчүн кандай аракеттер көрүлөт?" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:
"Карыз берип жатат" деп эле ала берсе аягы жаман бүтөт. Алсак, Кыргызстан буга чейин кагаз чыгарабыз деп завод ачууга 15 миллион доллар алган экен. Бизде кагаз чыгарууга сырьё жок да. Завод ишке кирген эмес. Бирок карыз мойнубузда кала берген. Эми түндүк-түштүк жолунун толук курулуп бүтүшү үчүн 300 миллион доллар сурасак, бизге "Ошол 15 миллион долларды качан төлөйсүңөр?" деп жатышат.
Бирок кытай лидери Си Цзиньпин кечээ дагы ойлонуп көрөрүн айтты. Буга чейин Австралиядан канчалаган миллионго кой алып келген учур болгон. Ошонун баары жок. Карыз болсо кала берген. Биз ойлонулбаган, максатсыз карыздарды албайбыз деп максат койгонбуз. Автожолдор, темир жолдор, ЛЭПтер, мунун баары эртеңки муунга, балдарыбызга калат",- деди Атамбаев.