Бүгүн, 20-майда Шанхайда кыргыз журналисттери менен болгон сүйлөшүүдө КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев учурдагы бир топ актуалдуу суроолорго жооп берип, мамлекеттик иш сапардын жетишкендиктерине токтолуп өттү. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу да сөз болду. "Кыргызстандын бул биримдикке кирүүсүнө Кытай кандай карайт?" Журналисттерди ушул суроонун жообу кызыктырды.
"Расмий жолугушууда, албетте, бул иш тууралуу да сөз болду. Си Цзиньпин түшүнүү менен кабыл алышарын айтты. Кыргызстан өнүксүн, бутуна турсун десек, биримдикке киришибиз керек. Негизи, экономиканы билген, түшүнгөн адамдар кандай утуштарга ээ болорубузду көрүп турушат. Көргүсү келбегендер көрбөй жатышат",- деди Атамбаев.