Бишкекте №35-автобустун маршруту өзгөргөнүн бүгүн, 20-майда мэриядан билдиришти. Каттамдын схемасын өзгөртүүгө шаардагы Архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин мугалимдери менен студенттеринин мэрге кайрылуусу себеп болуптур. Кайрылууда аталган окуу жай шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашканына карабай бул аймактан (Логвиненко - Панфилов - Л.Толстой көчөлөрү) көптөн бери коомдук транспорт жүрбөй жатканы айтылган.
"Аталган райондо коомдук унаалардын иштеши боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин, №35-автобустун маршрутун Москва, Панфилов көчөлөрү аркылуу, андан соң бекитилген маршрут боюнча каттатуу чечими кабыл алынды",- деп билдирет мэрия.