Кубанычбек Кулматов Бишкекте муниципалдык жер жок калганын билдирди

Бишкек шаарында муниципалдык жер тилкелери жок калды. Муну бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов укук коргоо органдары менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча өткөрүлгөн Координациялык кеңешинин отурумунда айтты.

Айтымында, муниципалдык жерлердин баары сатылып кеткен.

"Ататүрк" сейил багынын чек арасы аныкталган эмес. Деталдуу планы сейил бактын түштүк бөлүгүнө гана жасалган. Ал эми башка сейил бактардын чек аралары аныкталган болсо да, документ түрүндө бекитилген эмес. Учурда көп жерлерде мыйзамсыз курулуштар түшүп жатат. Эми бул маселелерди көзөмөлгө алып, тартип киргизүү укук коргоо органдарынын гана колунан келет”,- деди Кулматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан