Акыйкатчылык кызматка парламенттеги фракциялар 3 гана талапкер көрсөтүшмөкчү. "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору бүгүн, 20-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - депутат Өмүрбек Текебаев. Мыйзам долбооруна ылайык, акыйкатчыны шайлоодо бир депутат бир гана добушка ээ болмокчу. Тактап айтканда, бир депутаттын бир нече талапкерге добуш берүү укугу чектелгени жатат.