Бүгүн, 20-майда Шанхайда кыргыз журналисттери менен болгон сүйлөшүүдө КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев учурдагы бир топ актуалдуу суроолорго жооп берип, мамлекеттик иш сапардын жетишкендиктерине токтолуп өттү.
"Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарыңызды кандай баалайсыз?" деген суроого: "Жалпысынан алганда пландаган иштердин баарын эле чечтик. Атүгүл бир оор маселе бар болчу. Биз жанагы салынып жаткан альтернативдик жолдун курулушун толугу менен каржылоо маселесин чечүүнү каалайбыз. Ал жолдо 300 миллион долларлык каржылоону талап кылган участок бар. Биз бул маселени көтөрдүк.
Биринчи жолу грантты ылдамдатылган жол менен алуу ыкмасын ишке ашырмак болдук. Бишкектин жолдору үчүн 30 миллион доллардан көбүрөөк грант алмай болдук. Мэр аткаруучулар менен макулдашып көрдү. 100 чакырымдай жолго жумшалышы мүмкүн",- деди Алмазбек Атамбаев.