Бишкекте Мыйзам чыгаруу боюнча окуу борбору ачылды
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 20-майда Бишкек шаарында Мыйзам чыгаруу боюнча окуу борборунун ачылышына катышты. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Вице-спикер өз сөзүндө депутаттардын мыйзам чыгаруу ишинде аталган окуу борбордун ишмердүүлүгүнүн маанисин белгиледи. Бул окуу борбору кабыл алынып жаткан мыйзамдардын сапатын жана мыйзам демилгечилеринин кесипкөй потенциалын жогорулатуу аркылуу ченемдерди кабыл алуу процессин айкалыштырууга багытталганын кошумчалады. Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов борбордун жемиштүү иш алып барышына каалоо-тилектерин билдиришти.