Украина Орусияга газ үчүн карызын 10 күн ичинде төлөп берүүгө макул болду

Орусия газдын миң метр кубунун баасын 268 долларга чейин түшүрсө, Украина газ үчүн Орусияга болгон карызын төлөп берүүгө даяр. Муну Украинанын премьер-министринин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк билдиргенин чет элдик ММКлар жарыялашты. Эгер макулдашууга май айынын соңуна чейин кол коюлбаса, Киев бийлиги Эл аралык сотко кайрылат. Яценюк бул маселеде компромисске барууну "Газпром" каалабай жатканын кошумчалайт. Украинанын газ үчүн Орусияга жалпы карызы 3,5 миллиард доллар экени айтылууда. 

Орусия тарап Украина алгач карыздын бир бөлүгүн төлөшү керектигин, ошондон кийин гана бааны түшүрүү боюнча сүйлөшүү жүрүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. 

Айта кетсек, Орусиянын Украинага жеңилдетилген баада (268 доллар) газ берүүсү 2014-жылдын 1-апрелине чейин уланган. Бул жеңилдик жоюлгандан кийин газдын баасы миң метр кубуна 485 долларга чейин чыкканы айтылган.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан