Бүгүн, 20-майда Шанхайда Азия өлкөлөрүнүн 90 пайызын камтыган Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин кезектеги саммити башталды. Бул кеңешме аймакта коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн азиялык өлкөлөрдүн кызматташуусун бекемдөө максатын көздөйт. Мындай идеяны 1992-жылы БУУнун генассамблеясынын сессиясында биринчи ирет Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев сунуштаган.
Бүгүнкү күндө бул кеңешмеге 24 өлкө мүчө, 9 өлкө жана 3 эл аралык уюм байкоочу катары катышат.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул саммитте чек ара маселелерине кайрылып, көйгөйлөрдү күчкө салбай, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү айтары күтүлүүдө. Бул тууралуу ажо кечээ журналисттерге берген маегинде билдирген.
Учурда кеңешменин катышуучулары саммит өтүүчү жайга чогулушууда, ири пресс-борбор да өз ишин баштады.