Кыргызстан-Словакия кызматташтыгынын келечеги талкууланды

20-майда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев Словакия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Петер Юзой менен жолугушту. Жолугушууга КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Нурлан Айтмурзаев да катышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Айтымында, анда эки тараптуу саясий жана экономикалык байланышты активдештирүү зарылдыгы жөнүндө пикирлер айтылды. Ошондой эле ЖОЖдор аралык байланыш, КРнын Дипломатиялык академиясынын өз ара билим берүү чөйрөсүндө Кыргызстан-Словакия кызматташтыгынын келечектери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан