Бүгүн, 21-майдагы Шанхай шаарында Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин IV жыйыны жабык эшиктер артында улана турган болду. Ага кыркка жакын Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери, өкүлдөрү келип катышууда. Ардактуу конокторду Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин тосуп алып, жыйын башталды. Си Цзиньпин, андан кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кыска кайрылуусунан кийин жыйын жабык эшиктер артында өтөрү айтылды. Назарбаевден соӊ Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, андан кийин Хамид Карзай жана дагы бир нече өлкө башчылары сүйлөй турганы белгилүү болду.
Буга чейин аталган саммитте КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин доклад жасай тургандыгы айтылган. Саммитте сөз болуучу негизги маселе Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук болуп саналат.