Кыргызстанда 2013-жылы балдардын өлүмү 3 пайызга кыскарды. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, энелердин өлүмү 22 пайызга кыскарды. “Былтыр өлкөдө биринчи жолу дыйкандарга 1000ден ашык техника берилди. 10 асыл тукум мал чарбасы түзүлдү. Соттордун айлыгы 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулады”,- деди өкмөт башчы.
Оторбаев былтыр өлкөдө эл аралык маанидеги 6 унаа жолу курулганын кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.