Ош шаарына качан газ берилери белгисиз бойдон калууда

Өлкөнүн түштүгүнө качан газ берилери белгисиз. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин билдиришинче, бул маселе боюнча “Газпром” Өзбекстан менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатат. 

“Кыргызгаз” ишканасынын, Энергетика министрлигинин деңгээлинде Өзбекстан менен көп жолу сүйлөшүүгө аракет кылдык. Кат жаздык, телефон чалдык. Тилекке каршы, бир да жооп болгон жок. “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен сүйлөштүм, бул маселеде жардам бергени жатат. Албетте, газ маселеси биздин (ред. өкмөттүн) жоопкерчилигибизде”,- деди премьер.

Айта кетсек, парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан