Жоомарт Оторбаев “тышкы карыздан коркуунун кереги жок” деди

Парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Суроо берүү учурунда депутат Назарали Арипов өлкөнүн тышкы карызы үчүн өкмөттү сынга алды. “4 жыл ичинде өтө көп насыя алынды. Качан карыз албай, өз алдыңарча иштейсиңер?”- деп суроо берди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Өлкөнүн тышкы карызынын деңгээлин ички дүң продукциянын жалпы өлчөмүнүн 50 пайыздык деңгээлинде кармашыбыз керек. Тышкы карыздан коркуунун кереги жок. Антпесек кантип алдыга жылабыз? Мисалы, Баткендеги унаа жолун кантип курабыз?”- деди.

Премьер-министр 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы карызынын суммасы 3 миллиард доллардын тегерегинде болгонун кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан