26-майда “Министр байланышта” акциясынын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги ММКлар аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрү менен түз байланышта болуп, жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, анда министр Динара Сагынбаева үстүбүздөгү жылга карата министрликтин иш пландары менен тааныштырып, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берет.