Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын ишке ашырууга 400 миллион доллар жумшалат. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, бул каражаттын 70 пайызы товарлардын Бажы биримдигинин техникалык регламентине туура келишин аныктай турган лаборатория курууга жумшалат. “Чүй облусуна логистикалык борбор курганы жатабыз. Ага “Росинбанк” 40 миллион доллар бөлүүдө”,- деп кошумчалады премьер.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.