2013-жылы алынган насыялардын 90 пайызы энергетика жана транспорт тармагына жумшалганы айтылды  

Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Жыйында депутат Урмат Аманбаева 2013-жылы экономикалык өсүштөр кайсы тармактарда болгонун сурады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, алынган насыялар менен гранттардын 90 пайызы энергетика жана транспорт тармагына багытталды. Негизги өсүш да ушул тармактарда жүрүп жатканы айтылды. Депутат Мирлан Бакиров Кыргызстандан баалуу металлдардын концентраттары аралашкан чийки заттарды өлкөдөн чыгарууда бажы төлөмүн киргизүү боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылбай жатканын айтты эле, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев төлөм киргизүүдөн мурун алтынды бөлүп алуу фабрикасын куруу керекттигин билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан