Кыргызстандагы укук коргоо органдары жарандардын укуктарынын бузулушуна айыпталып канча кызматкери иштен айдалганы боюнча маалымат бербей жатышат. Муну бүгүн, 21-майда парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Айтымында, былтыр 174 адамга мыйзамсыз иш козголгон. “Мен 3 жылдан бери сурайм, бирок толук кандуу маалымат беришпейт. “Мындай иштер жасалды” дегенден башка жооп айтышпайт. Жарандардын укугун бузганы үчүн канча кызматкер жоопко тартылганы боюнча да унчугушпайт. Башкы прокуратура гана берди”,- дейт депутат.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.