Өкмөт башчы: “Манас” аэропортунун акциясын сатуу боюнча эч кандай өкмөттүк чечим чыгарылган жок”

“Манас” Эл аралык аэропортунун акциясын сатуу боюнча эч кандай өкмөттүк чечим чыгарылган жок. Муну ЖКнын 21-майдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр сөзсүз Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат. “Манас” аэропортунда мындан ары аскердик база болбойт. Ошондуктан былтыртан баштап инвестор издеп баштаганбыз. 8 компания иштешүү ниетин билдирди, анын ичинде “Роснефть” компаниясы. Айтып коюш керек, “Манас” аэропорту боюнча эч кандай өкмөттүк чечим кабыл алынган жок. Долбоорду аэропорт өзү ишке ашырууда. Эгер маселе өкмөттүк деңгээлге чыкса, анда маселе сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште каралат”,- деди өкмөт башчы.

Жыйында айрым депутаттар аталган аэропортту сатуу боюнча өкмөткө сын айтышкан эле.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан