Кара-Балта спирт заводу атаандаштыкка туруштук бере албай ишин токтотту

Кара-Балта спирт заводу атаандаштыкка туруштук бере албай ишин токтотту. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын билдиришинче, учурда заводдун өндүрүш багытын өзгөртүү аракеттери жүрүп жатат. “Жаңы технологиялар менен жаңы спирт заводдору ачылып, Кара-Балта спирт заводу өндүргөн спирттин баасы кымбат болуп калууда. Атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Ошондуктан учурда иштебей турат. Заводду башка нерсе чыгарууга өткөрүү пландары бар”,- деди Сарпашев. 

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан